Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалышты
Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип 25 жана 40 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-январда милицияга 36 жаштагы жаран "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жетпей каза болгондугу маалымдалган. Факт каттоого алынган. Текшерүүдө маркум шектүүлөр менен тааныш болгону, алардын ортосунда пикир келишпестиктен уруш чыкканы аныкталган. 19-январда саат 22:00 чамасында маркум алар менен жолугушуу үчүн чыгып кеткенден кийин үйүнө мас абалында жана дене жаракаттары менен кайтып келген.
Дайындалган соттук-медициналык экспертиза баш сөөк-мээнин ачык жаракаты, сол жак маңдай сөөгүнүн сыныгы, баш сөөгүнүн ичине кан куюлуу, баш мээнин оор даражадагы урунушу деген жыйынтык чыгарган. Мындан улам факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















