super.kg logo

Этнограф Айдай Асангулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө (видео)

 
Бүгүн, 27-январда маданият ишмери, уз-чебер, сүрөтчү-конструктор жана изилдөөчү-этнограф Айдай Асангулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылында өтүүдө. 48 жашында дүйнө салган жаш этнограф менен коштошууга экс-президент Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрү, маданият ишмерлери, жакындары жана санаалаштары катышууда.
Эскерте кетсек, анын “Бүкөн” студиясынын арт-директору, “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун жетекчиси катары улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө эмгеги чоң. Асангулова ЮНЕСКОнун демилгелерин камтыган бир катар эл аралык долбоорлорго катышып, кыргыз этностилин дүйнөлүк деңгээлде таанытууга салымын кошкон.
Маданиятка жана кол өнөрчүлүк тармагына кошкон олуттуу салымы үчүн Айдай Асангулова “Курманжан Датка” медалы, Маданият министрлигинин жана президенттин Ардак грамоталары, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.






Этнограф Айдай Асангулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: