super.kg logo

Ырчы Айжамал Кабылова жаңы алган ак өргөөсүн көрсөттү (видео)

 

Ырчы Айжамал Кабылова Ош шаарынан сатып алган ак өргөөсүн коомчулукка көрсөттү. Ырчы айым жаңы үйүнө көчүп кирердин алдында батирин толугу менен заманбап стилде жасалгалап, андан кийин гана жашоону баштаганын белгиледи.

Анын айтымында, 3 бөлмөлүү батир ар бир майда-баратына чейин ойлонулуп, үйдүн ички дизайны өзгөчө табит менен жасалган. Ал курулуш жана жасалгалоо иштерине салым кошкон бардык куруучуларга, усталарга жана жардам берген адамдарга ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, ырчы жаңы үйүндө конок тосууга да бардык шарттар түзүлгөнүн айтып, жакындары менен досторун жылуу маанайда кабыл алып жатканын белгиледи.

Ырчы айымдын бул кубанычтуу жаңылыгы күйөрмандарынын да көңүлүн көтөрүп, социалдык тармактарда ага жылуу каалоо-тилектер, куттуктоолор жазылууда.






Ырчы Айжамал Кабылова жаңы алган ак өгөсүн көрсөттү

Ырчы Айжамал Кабылова жаңы алган ак өгөсүн көрсөттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: