Ошто 28 жаштагы айдоочу 3 окуучуну сүзүп кетти (видео)
Кечээ, 26-январь күнү Кара-Суу районундагы Фуркат айылында 28 жаштагы айдоочу жол четиндеги 3 окуучуну сүзүп кетти. Маалыматты Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 663-чакырымында болгон. Отуз-Адыр айылынын 1998-жылы туулган К.у.М. аттуу тургуну Хонда Степ үлгүсүндөгү унаасы менен катуу ылдамдыкта бара жатып жолдун четинде турган 7 жаштагы, 9 жаштагы жана 6 жаштагы окуучуларды сүзгөн. Андан ары токтоп турган К.у.У. башкаруусундагы Дэу Тико үлгүсүндөгү унааны сүзүп, жанында токтоп турган Мерседес үлгүсүндөгү унаага да урунган.
Натыйжада Тиконун айдоочусу жана ичиндеги 7 жаштагы жана 10 жаштагы балдар жаракат алышып, Ош облустук ооруканасына кайрылышкан. Ошондой эле окуучулардын ичинен бир бала ооруканада калтырылып, калганы медкароодон кийин үйүнө чыгарылган.
Азыркы учурда унаа убактылуу айып короого киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
Видео: Турмуш.кж
Ошто 28 жаштагы айдоочу жол четиндеги 3 окуучуну сүзүп кетти
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















