Парламент комитетинде гимндин тексти жана музыкасынын үч варианты талкууланды
Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкару комитетинин жыйынында мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын кароо маселеси боюнча комитеттин чечиминин долбоору каралды.
Жыйынга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясынын мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү катышты. Министр комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берип, бир жыл ичинде келип түшкөн бардык чыгармалар кылдат каралып чыкканын, жыйынтыгында үч вариант тандалганын айтты.
Талкуу маалында комитет төрагасы Курманкул Зулушев сунушталган үч вариант тең мазмуну, тексти жана музыкалык жагынан азыркы гимнден жогору эмес экенин, ошондуктан аларды толук кандуу чечим катары кароого мүмкүн эместигин белгиледи. Депутат Нурланбек Азыгалиев да гимн жарандардын духун көтөрүп, жалпы баалуулуктарды эске салуусу керектигин айтып, сынакты улантып, мазмуну жана көркөмдүк деңгээли жогору болгон жаңы чыгармаларды сунуштоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
Жыйынтыгында комитет Жогорку Кеңешке гимндин тексти жана музыкасынын сунушталган үч вариантын тең четке кагууну сунуштады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















