Бишкекте Ленинград блокадасынын курмандыктары менен каармандары эскерилди (видео)
Бүгүн, 27-январда Бишкек шаарындагы "Жеңиш" сейил багында Ленинград блокадасынын курмандыктары менен каармандары эскерилди. Иш-чарада Ленинград блокадасынын курмандыктарына арналган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, алардын жасаган эмгектери эскерилди.
Мындан туура 83 жыл мурда Ленинград шаары фашисттик аскерлердин курчоосунан бошотулган. Шаар жана анын тургундары 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин 872 күн курчоого алынган. Дүйнөлүк тарыхта теңдеши жок сыноо, жүз миңдеген карапайым адамдардын өмүрүн алып кеткен. Ленинграддыктардын эрдиги согуштан кийинки тагдырлары Евразия аймагындагы элдер үчүн жалпы эскерүү болуп саналат.
Мындай эскерүүлөрдүн максаты келечек муундарга тарыхый эс тутумду калтыруу, Жеңиштин баасын эске салуу жана блокаданын ардагерлерин сыйлоо болуп саналат.
Учурда Кыргызстанда блокададан аман калган 11 гана адам калды. Алардын тогузу Бишкек шаарында жашайт.
Бишкекте Ленинград блокадасынын курмандыктары менен каармандары эскерилди
Бишкекте Ленинград блокадасынын курмандыктары менен каармандары эскерилди
27.01.16
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















