super.kg logo
  Саясат  

Президент Шыкмаматовду кабыл алып, бир катар тапшырмаларды берди

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды. Башкы салыкчы жолугушууда мамлекет башчысына салык системин реформалоонун экинчи этабынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Анын негизги элементи катары "Салык күзөт" автоматташтырылган маалыматтык салык талдоо тутуму ишке киргизилди.

Шыкмаматов бул систем ишке киргизилгенге чейин салык кызматкерлери бир нече булактар менен иштөөгө жана компаниялардын салыктары, камсыздандыруу төгүмдөрү жана отчёттуулугу жөнүндө маалыматтарды кагаз түрүндө чогултууга аргасыз болушканын белгиледи. Эми бардык маалыматтар бир платформага топтолду.

Ал ошондой эле Жапаровго жаңы системдин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, аймактар, райондор жана шаарлар боюнча салыктык түшүүлөрдүн көрсөткүчтөрүнө токтолду. Тутум онлайн режимде кошумча нарк салыгын төлөбөгөн компанияларды да көрсөттү.

Жолугушуунун соңунда президент Шыкмаматовго "Салык күзөт" платформасын мындан ары жайылтуу, ишкерлер менен салыктык тартип боюнча системдүү иш алып баруу, ошондой эле бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: