Сунушталып жаткан жаңы гимндин үч текстинин автору бир адамбы?
Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы үч тексти жана обондору каралды.
Отурумда гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясынын мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын мүчөсү, академик Сыртбай Мусаев үч текстти тең бир автор жазган деген божомолун айтты. Ал комиссия мүчөлөрүнө авторлордун аты-жөнү ачыкталбаганын, бирок ал ушундай жыйынтыкка келгенин белгиледи.
Өз кезегинде депутат Курманкул Зулушев анын айткандарына кошуларын билдирди.
"Биздин депутаттар деле чыгармачылыкка жакын окшойт, биз да ошентип боолголоп жатканбыз. Ушул үч текстти тең эле бир адам жазган окшойт депчи. Аны сиз өзүңүз да айтып жатасыз",- деди ал.
Жыйында тандалган варианттар эл өкүлдөрүнө угузулуп, бирок депутаттар Жогорку Кеңешке ал варианттарды четке кагууну сунуштады.
Айта кетсек, мамлекеттик гимндин жаңы редакциясына текст тандоо боюнча түзүлгөн комиссия 5 текстти тандаган. Коомчулукта тексттердин окшоштуктарын белгилөө менен автору бир адам болушу мүмкүн деген пикирлер айтылган эле.
гимн
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















