super.kg logo
  Саясат  

ТИМ башчысына жаңы орун басар дайындалды

 

Тышкы иштер министринин орун басары болуп Кайрат Турсункулов дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун аталган министрлик билдирди.

Бүгүн, 27-январда жаңы жетекчини эмгек жамаатка президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди жана жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.

Маалымат үчүн: Турсункулов Кайрат Эркинович 1985-жылдын 23-майында төрөлгөн. 2009-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинин тутумунда эмгектенип, стажёрдон тартып Мамлекеттик протокол департаментинин директоруна чейинки кызмат жолун басып өткөн.

Ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн аппаратында жана Кыргызстандын Германиядагы, Австриядагы жана Бельгиядагы элчиликтеринде иштеген.

1-класстагы кеңешчи дипломатиялык рангына ээ. Англис жана немис тилдерин билет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: