super.kg logo

Орусияда мигранттар кеңейтилген оорулар тизмеси боюнча текшерилет

 

Орусия өкмөтү эмгек мигранттарын медициналык текшерүүдөн өткөрүүдө каралуучу жугуштуу оорулардын тизмесин кеңейтет. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын вице-спикери Ирина Яровая премьер-министр Михаил Мишустин менен жолугушуудан кийин билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, бул демилгени депутат өзү көтөрүп чыккан. Жолугушууда орусиялыктардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо жана чет өлкөлүк жарандардын саламаттыгын көзөмөлдөө боюнча кошумча чаралар талкууланган.

Бирок текшериле турган оорулардын тизмесине кайсы дарттар кошулары азырынча такталган жок.

Буга чейин Ирина Яровая мыйзамсыз миграцияга каршы багытталган жана орусиялыктардын саламаттыгын коргоону көздөгөн үч мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага киргизилгенин билдирген. Ага ылайык, мигранттардын медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартканы үчүн айып пулду 12 эсеге чейин жогорулатуу сунушталууда. Ошондой эле өлкөдөн чыгаруу чечими соттун кароосуна калтырылмакчы.

Мындан тышкары, медициналык кароодон өткөрүүдө ортомчулук кылууга тыюу салуу жана бул процедураларды жүргүзгөндөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү да каралган.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Орусияда эмгек мигранттары үчүн милдеттүү дактилоскопия жана медициналык кароодон өтүү тууралуу мыйзам кабыл алынган. Медициналык текшерүү мигранттын өлкөдө мыйзамдуу жашап, иштеши үчүн зарыл. Ал текшерүү кургак учук, сифилис, жыныстык жол менен жугуучу оорулар, ВИЧ-инфекциясы жана баңгизатка көз карандылык сыяктуу илдеттерди аныктоону камтыйт. Медициналык корутунду үч айга жарактуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: