super.kg logo

Дүйнөнү сестенткен Нипах вирусунун белгилери, өлкөдө көрүлгөн чаралар 

 

Акыркы учурларда дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында Нипах (NiV) вирусу тууралуу маалыматтар тарап жатат. Ага ылайык, ушул жылдын январь айында Индиянын Батыш Бенгалия штатында аталган вирустун очогу табылып, өлкө бийлиги эпидемияны алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул макалада дүйнөнү тынчсыздандырган инфекция тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.

26 жыл мурун катталган

Вирус биринчи жолу 1999-жылы Малайзияда аныкталган. Ачык маалымат булактарында ал учурда өлкөдө бул инфекциянын 265 учуру катталып, 105 адам каза болгону айтылат. Арадан эки жыл өткөн соң Бангладеште, кийин Индияда катталган. Азыркы күнгө чейин аталган вирустун 12 очогу катталып, анын баары Түштүк Азияда жайгашкан. Буга Бангладеш, Сингапур, Индия өлкөлөрү кирет. Азырынча бул вируска каршы вакцина жок.

Индияда вирустун очогу аныкталды

Ушул жылдын 24-январында Индияда Нипах вирусунун очогу катталганы боюнча ЖМКларда маалыматтар тараган. Анда кабарлангандай, аталган илдет менен 5 адам ооруп калган. Алардын бири 25-январда Калькутта каза болгон. Калган бейтаптар ооруканада дарыланып, 100дөй адам карантинге алынган. Өлкө бийлиги штатта вирустун жайылышын токтотуу үчүн чараларды көрүп жатат.

Белгилери

Нипах вирусу — генетикалык жактан Paramyxoviridae тукумуна кирген зооноздук вирустук инфекция болуп, ал оор респиратордук ооруларды жана мээнин сезгенишин (энцефалит) жаратышы мүмкүн.

Вирустун негизги табигый булагы — жарганаттар (канаттуу жарганаттар). Адамга жуктуруп алуу төмөнкү учурларда мүмкүн:

  • инфекция бар жаныбарлар менен байланышта болгондо;
  • жаныбарлардын биологиялык бөлүнмөлөрү менен булганган азык-түлүктөрдү колдонгондо;
  • инфекция жуккан адам менен тыгыз байланышта болгондо.

Оорунун инкубациялык мезгили бир нече күндөн эки жумага чейин созулушу мүмкүн. Негизги белгилерине дене таптын жогорулашы, баш оору, жөтөл, дем алуунун кыйындашы, алсыздык кирет. Оор учурларда аң-сезимдин бузулушу жана тырышуулар байкалышы мүмкүн.

Кыргызстанда көрүлгөн чаралар

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө Нипах вирусуна байланыштуу учурлар катталган жок. Мамлекеттик чек араларда санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, медициналык мекемелер инфекцияны эрте аныктоо жана каршы эпидемиялык иш-чараларды жүргүзүүгө даярдалды.

Министрлик калкты сабырдуулукка чакырып, эпидемиологиялык абал толук көзөмөлдө экенин маалымдады.

Министрликтин сунуштамасы

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга төмөнкү эрежелерди карманууну сунуштайт:

  • жеке гигиена эрежелерин сактоо;
  • жапайы жаныбарлар менен байланыштан алыс болуу;
  • чийки же жетиштүү деңгээлде иштетилбеген азык-түлүктөрдү колдонбоо;
  • жугуштуу оорулардын белгилери байкалса, дароо медициналык жардамга кайрылуу.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсү

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Индиядагы Нипах вирусунан улам өлкөгө саякатка же соодага чектөө киргизүүнүн зарылдыгы жоктугун билдирди. Уюм тараткан маалыматта учурда вирустун адамдан адамга жугушу боюнча эч кандай далил табыла электиги белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: