Кезексиз камкордук: Beeline пенсионерлер үчүн биринчи онлайн-тарифти ишке киргизди

Улгайган муун өзгөчө колдоого жана көңүл бурууга муктаж. Туруксуз аба ырайы, тайгак жолдор, эл көп жүргөн транспорт жана тынымсыз өсүп жаткан баалар – мунун баары пенсионерлер үчүн олуттуу сыноо болуп саналат. Ошондуктан алардын жашоосун жеңил жана ыңгайлуу кыла турган мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маанилүү.
Жакында эле мамлекеттик Beeline уюлдук оператору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонд менен биргеликте иштелип чыккан «Пенсионер» тарифин ишке киргизди. Бул продукттун негизгиси – майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган камкордук: пайдалуу шарттардан баштап, ыңгайлуу кошулуу ыкмаларына чейин.
30 күн үчүн Болгону 150 сомго толук кандуу байланыш үчүн зарыл болгон нерсенин баары кошулат:
- чексиз WhatsApp — интернет топтомун коротпостон, мессенджерде сүрөттөрдү, открыткаларды жана билдирүүлөрдү бөлүшүүгө чексиз мүмкүнчүлүк ачат;
- 20 ГБ интернет — колдонмолорду ишенимдүү колдонууга жана керектүү маалыматты табууга мүмкүндүк берет;
- чексиз чалуулар жана тамак ичиндеги SMS — жакындарыңыз менен ар дайым байланышта болууга жана баарлашууда өзүңүздү чектебөөгө жардам берет;
- тармактан тышкары 15 мүнөт — Кыргызстандын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуу учурунда пайдалуу болот.
— Бардык кызматтар күн сайын кымбаттап жаткан маалда, калктын аярлуу катмарын эстен чыгарбоо маанилүү, — деди Beeline компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров.
— Биздин абоненттердин көптөгөн өтүнүчтөрү жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун колдоосу менен Beeline абдан маанилүү долбоорду — пенсионерлер үчүн тарифти ишке ашырды. Биз улуу муундун өкүлдөрү үчүн байланышты жеткиликтүү кылууну кааладык жана муну ийгиликтүү ишке ашыра алдык: рыноктогу өнөктөштөр буга жооп кайтарып, биздин үлгүбүздү ээрчишти. Beeline компаниясынын демилгеси өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн гана кызмат кылбастан, тармактагы социалдык жоопкерчиликтин жаңы стандартын белгилегенине кубанычтабыз.
«Түндүк» системасы менен интеграция «Мой Beeline» тиркемесинде тарифти түз кошууга мүмкүндүк берет. Эч кандай кошумча аракеттер талап кылынбайт: система абоненттин пенсионер статусу бар же жок экенин автоматтык түрдө текшерет. Бул ата-энелерди, чоң энелерди жана чоң аталарды үйдөн чыкпай туруп байланыш менен камсыз кылуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк — эми кеңсеге баруунун, кезек күтүүнүн кереги жана суук тийүү коркунучу да болбойт.
Тариф жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн *611 номери аркылуу байланыш борборуна кайрылсаңыз болот. Beeline адистери ар дайым байланышта.
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















