Кытайда жасалма интеллект башкарган алгачкы ресторан ачылды
Кытайдын Ханчжоу шаарында "24 мезгил" аттуу жасалма интеллект башкарган алгачкы ресторан ишин баштады. Бул тууралуу Kazinform агенттиги жергиликтүү басылмаларга таянып билдирет.
Ресторандын менежеринин айтымында робот-ашпозчулар лапша жана башка тамак-аштарды даярдайт. Ал эми атайын роботтор заказдарды столдорго жеткирип, залдын тазалыгын камсыздайт. Азыр сегиз робот жалпы иштердин 60 пайыздан ашыгын аткарууда. Адамдар болсо негизинен төлөм кабыл алуу жана азыктарды алдын ала даярдоо менен гана алектенет. Робот-ашпозчулардын эс-тутумуна 100дөн ашык рецепт киргизилген. Алар тамакты канча убакыт бышыруу, кантип аралаштыруу керек экенин так билип, даамын сактоого аракет кылат.
Бул долбоорду Xialinghui компаниясы ишке ашырган. Ресторан Сиху районундагы социалдык ашканалар системасына да киргизилген. 60 жаштан жогору адамдарга 50 пайызга чейин арзандатуу каралган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул ресторан келечекте роботтук технологияларды кеңири колдонууга шарт түзүп, коомдук тамактануу тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















