super.kg logo

Жоржина Родригес Ак үйдөгү образы үчүн сынга кабылды

 

Атактуу футболчу Криштиану Роналдунун жубайы АКШга өлкөнүн биринчи айымы Мелания Трамп тууралуу даректүү тасманын премьерасына катышуу максатында барган. Родригес Instagram социалдык тармагындагы баракчасына Ак үйдүн алдында тартылган фото жана видеолорду жарыялаган.

Сүрөттөрдө модель кымбат шуба кийип, люкс образын көрсөткөн. Ошондой эле ал Hermes брендиндеги сумкасын жана салмагы 30 карат болгон алмаз шакегин да элге тааныштырган.

Бул пост коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Айрым колдонуучулар анын мындай көрүнүшүн орунсуз деп сындашкан.

Колдонуучулар Родригести комментарийлерде АКШда Иммиграция жана бажы полициясына каршы жүрүп жаткан нааразычылык акцияларынын фонунда Дональд Трампты колдогону үчүн катуу сындашты.

"АКШда болуп жаткан окуяларды толук көз жаздымда калтыруунун ачык мисалы", "Саясатчылардын айынан эл жабыркап жатат, силер болсо аларды коргоп жатасыңар", "Чакыруудан баш тартсаңар болмок", "Уят", - деп жазышты көптөгөн интернет колдонуучулар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: