super.kg logo

Түштүк Корея КЭДРди баллистикалык ракеталарды учурууну токтотууга чакырды

 

Түштүк Кореянын өкмөтү Түндүк Кореядан баллистикалык ракеталарды учурууну дароо токтотууну талап кылды. Бул тууралуу өлкө президентинин администрациясы Улуттук коопсуздук башкармалыгынын жыйынынан кийин билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, акыркы ракета учуруу провокация катары бааланып, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын бузуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу Улуттук коопсуздук башкармалыгы шашылыш жыйын өткөрүп, коопсуздук абалына баа берди.

Жыйында тиешелүү мамлекеттик органдарга жогорку даярдык режимин сактоо тапшырмасы берилип, кырдаал боюнча президентке маалымат жеткирилди. Кеңешмеге Коргоо министрлигинин жана Башкы штабдын өкүлдөрү катышты.

Ошол эле күнү АКШнын коргоо министринин саясий маселелер боюнча орун басары Элбридж Колби Түштүк Кореяга болгон сапарын жыйынтыктады. Ал Сеулдагы жолугушууларда аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулап, Түштүк Кореянын Корей жарым аралындагы коргонуу жаатындагы ролун жогору баалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: