Бишкек мэриясы Ак-Жар жана Ак-Бата конуштарындагы мектеп маселеси боюнча маалымат берди
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча пландалган иш-чаралар тууралуу расмий маалымат сураган. Ага жооп катары Бишкек шаарынын мэриясы бардык зарыл маалыматтарды толук көлөмдө жөнөткөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-январь күнү парламент жыйынында депутат Ак-Жар жаңы конушунда 15 миңге жакын адам жашап, балдары билим алуу үчүн шаарга каттап жүргөнүн айтып, мэриянын жообуна күмөн санаганын билдирген.
Мэриянын маалыматына ылайык, Ак-Бата конушунда 620 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилген. Учурда анда 1 миң 735 окуучу билим алууда, сабактар эки нөөмөттө өтүүдө.
Ошондой эле Ак-Жар конушу мыйзамсыз жер басып алуу жолу менен пайда болгондуктан, азырынча мектеп курууга бош жер жок экени белгиленди. Бул маселе шаар мэри Айбек Жунушалиевдин тургундар менен болгон жолугушуусунда да талкууланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















