super.kg logo

Айбек Жунушалиев борбор калаадагы бир катар инфраструктуралык объекттерди жеринен көрүп чыкты

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге борбор калаадагы маанилүү инфраструктуралык объекттерди кыдырып чыкты.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, кыдыруунун алкагында Манас проспектинин бир бөлүгүн реконструкциялоо долбоору каралып, жол түйүнүн куруу, Медеров көчөсүн Ала-Арча суусунун жээги аркылуу улантуу жана Табалдиев көчөсүн ачуу пландары талкууланган. Долбоорду ишке ашыруу 2026-жылдын жаз айларына белгиленип, иштер аяктагандан кийин Медеров көчөсү Манас проспектисине чейин толук эки тилкелүү болот.

Мэр курулуш маалында транспорт кыймылы үчүн альтернативдүү багыттарды алдын ала иштеп чыгууну, суу коргоо зонасындагы объекттерди текшерүүнү жана аймактагы турак үйлөрдүн таяныч планын даярдоону тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Андан соң Айбек Жунушалиев “Бишкексвет” муниципалдык ишканасына барып, тышкы жарыктандыруу мамыларынын үлгүлөрү менен таанышты. Кароонун жыйынтыгында Кытайда өндүрүлгөн, бийиктиги 8,5 метр болгон мамылар тандалды. Мэр парктарды, скверлерди жана эл көп чогулган жайларды сапаттуу жарыктандырууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле шаар башчысы Кронштадтск көчөсүнүн бир участогун жана Васильев трактындагы санитардык бутак кыркуу иштерин текшерип, жол четин тазалоо, бак-дарактардын таажысын көтөрүү жана келечекте жарыктандыруу орнотуу боюнча тапшырмалар берди. Учурда бул аймакта муниципалдык ишканалардын 60 кызматкери иш алып барууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: