Ак-Буура милициясында коррупциянын алдын алуу боюнча профилактикалык жыйын өткөрүлдү
Бүгүн, 27-январь күнү Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына караштуу Ак-Буура милиция бөлүмүндө коррупциянын алдын алуу, мыйзамдуулукту сактоо жана кызматтык тартипти чыңдоо боюнча профилактикалык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага бөлүмдүн бардык кызматкерлери катышып, жетекчиликтин тапшырмасы менен ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилиги, адеп-ахлактык нормалары жана кызматтык милдеттерди так аткаруу маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы мыйзамдардын негизги талаптары, алардын практикалык колдонулушу түшүндүрүлүп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз талаптар койгон кызматкерлерге катуу чаралар көрүлөрү эскертилди.
Ошондой эле кызматкерлерге атайын форма кийүүнүн эрежелери жана талаптары тууралуу маалымат берилди, туура кийүүнүн үлгүлөрү көрсөтүлдү.
Жыйын соңунда кызматтык тартипти бекем сактоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жарандар менен иш алып барууда адептүүлүктү жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилип, мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылары белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















