super.kg logo

Депутаттын мурунку жубайы: "Унааны талкалаганымды моюнга алам"

 

Буга чейин социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов менен аны зомбулук көрсөтүүгө айыптаган мурунку жубайы Асел Азаматованын видеосу тараган.

Анда Азаматова Сулаймановго кол көтөрүп, анын унаасынын айнектерин да ургулаганын көрүүгө болот.

Асел Азаматова аталган видео тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип, төмөнкүлөрдү билдирди: "Унааны талкалаганымды моюнга алам. Бул менен сыймыктанбайм. Бул абдан уят нерсе, бирок өкүнбөйм. Анткени чынында эле чыдамым ошол чекке жеткен".

Буга чейин Асел Азаматова жолдошу тарабынан зомбулук көрүп келе жатканын билдирип, социалдык тармакта денесиндеги көк ала тактары бар сүрөттөрүн жарыялаган. Милиция сотко чейинки териштирүү башталганын айтып, аялга коргоо ордерин берди.

Сулайманов аталган маалымат боюнча комментарий берип, коомчулуктан чындыкты толук билбей туруп жыйынтык чыгарбоону суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: