"Уулум укпайт, сүйлөбөйт, менин көзүм жакшы көрбөйт" дейт Айшакан апа (видео)
SUPER.KG порталынын Тагдыр чыгарылышында бул жолу Айшакан апа жана анын уулу Тагай мырзанын турмушу тууралуу сөз кылабыз.
38 жаштагы Тагай мырза кичинесинен сүйлөбөйт, апасы менен шаардагы батирлердин биринде ижарада турат. Ал "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасында көп жылдан бери эмгектенет экен.
Айшакан апанын айтымында, эки көзүнө операция жасаткан, учурда бир көзү көрбөй калган.
"Эч жакка чыга албай калдым. Үйдү кыздарымдын кыздары келип жыйнап беришет. Бул батирге 15 миң сом төлөйбүз. Жылуулук менен кошкондо 18 миң сом болуп калат. Эми болсо электр жарыгынын акчасын төлөй албай отурабыз. Беш айдан бери ушул батирде турабыз",- дейт Айшакан апа.
Видеону толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.
Жардам берүү үчүн: Мбанк: 0509269740 Айгуль Д
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















