Мурдагы жубайынын тууганы уюштурган... Чүйдө каракчылыкка шектелип үч жаран кармалды
Чүй облусунда каракчылыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.Маалым болгондой, 25-январда Ысык-Ата райондук милициясына жаран арыз менен кайрылды. Анда 25-январга караган түнү, болжол менен саат 00:30 чамасында анын Котовский айылында жайгашкан үйүнө белгисиз адамдар кирип, каракчылык кылганын билдирди. Шектүүлөр жабырлануучуну ур-токмокко алып, колу-бутун аркан менен байлап салышкан.
Андан соң каракчылар сейфте сакталган 165 миң сом акча каражатын жана уюлдук телефонду ачык түрдө тартып алып, изин жашырышты.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 1995-жылы туулган Б.М., 1995-жылы туулган Ж.А. жана 1978-жылы туулган Р.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышты уюштурган жаран жабырлануучунун мурдагы жубайынын тууганы болуп чыкты.
Тергөө уланууда.
Чүйдө каракчылыкка шектелген үч жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















