"Туура эмес да". Дастан Бекешев айдоочулукка окутуу боюнча реформаны сынга алды
Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жарандарды айдоочулукка окутуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаны сынга алды.
Ал жеке менчик автомектептерди жаап эле койбостон, мүлкүн да тартып алып жаткан учурлар бар экенин айтты.
"ДОСААФ унаа мектебин толук жаптырды. Бирок ошол имараттын ичинде тигүүчүлөр сыяктуу башка ишкерлер да бар болчу. "Бербейбиз" дешет. Туура эмес да",- деди Бекешев.
Эл өкүлү ошондой эле жаранды айдоочулук укук алууга 10 ай окутуу көптүк кыларын кошумчалады.
"Бул өтө көп. Убакытты, каражатты кетирет. Ушул маселени комитет карап чыксын",- деди депутат.
Дастан Бекешев айдоочулукка окутуу боюнча реформаны сынга алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















