Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары өлкөгө келди
Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвили өлкөгө келди. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жүк ташуулар жана логистика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү маселелери талкууланган.
Мындан тышкары, ишкерлер Грузия аймагы аркылуу жүк ташууларды жүзөгө ашырууда туш болгон көйгөйлөрүн айтышкан. Бул маселелер боюнча грузин тарап конструктивдүү диалогго даяр экенин билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















