Депутат Нипах вирусу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды
Жогорку Кеңештин 28-январдагы жыйынында депутат Бурун Аманова Индияда очогу табылган Нипах вирусу тууралуу айтып, өкмөт жана Саламаттык сактоо министрлигин вирустук инфекциянын алдын алуу чараларын көрүүгө чакырды.
"Ушул күндөрү интернет желеси аркылуу Индиядагы Нипах вирусу таркалганы боюнча айтылып жатат. Саламаттык сактоо министрлиги, өкмөт тарабынан кандай алдын алуу иш-чаралары көрүлүп жатат?
Тилекке каршы, мындан 6 жыл мурдагы ковидде бир топ жарандарыбыздын көзү өтүп кеткен. Ошол кемчиликтерди эске алып, вирусту алдын алган иш-чараларды жүргүзсө деген сунушум бар",- деди депутат.
Маалымат үчүн: Ушул жылдын 24-январында Индияда Нипах вирусунун очогу катталганы боюнча ЖМКларда маалыматтар тараган. Анда кабарлангандай, аталган илдет менен 5 адам ооруп калган. Алардын бири 25-январда Калькутта каза болгону айтылды. Калган бейтаптар ооруканада дарыланып, 100дөй адам карантинге алынган. Өлкө бийлиги штатта вирустун жайылышын токтотуу үчүн чараларды көрүп жатат.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда Нипах вирусуна байланыштуу учурлар катталган жок. Мамлекеттик чек араларда санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, медициналык мекемелер инфекцияны эрте аныктоо жана каршы эпидемиялык иш-чараларды жүргүзүүгө даярдалды.
Министрлик калкты сабырдуулукка чакырып, эпидемиологиялык абал толук көзөмөлдө экенин маалымдады.
Депутат Нипах вирусу тууралуу айтып, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















