super.kg logo
  Саясат  

"Татыктуу гимн жазылган эмес". Спикер гимнге болгон сынак уланарын билдирди

 

Бүгүн, 28-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттик гимнге болгон сынак уланарын билдирип, буга чейинки тандалган 3 вариантын тең депутаттар жактырышпаганын айтты.

Ал гимн Совет өкмөтүндөгү ыргактан алыс жазылышы керектигин белгиледи.

"Биз комитеттин мүчөлөрү менен бирге ал гимндердин текстин дагы, обонун дагы уктук. Бирок биз ойлогондой татыктуу гимн жазылган эмес. Андыктан комитеттин кароосунда эле артка кайтаруу чечимин кабыл алдык. Бүгүнкү ырдалып жаткан гимнди эле өзгөртүп коюу керек эмес, келечекте кыргыз эли жети жашар баладан тартып карыяга чейин эркин ырдай турган гимн болушу шарт.

Кийинки сынакка катыша тургандарга айтарым, бардыгы марш түрүндө жазылып калып жатат. Аны бардыгы ырдай албайт. Ошондуктан эркин болушу керек",- деди спикер.

Айта кетсек, кечээ, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында депутаттарга мамлекеттик жаңы гимндин үч варианты угузулган.






"Татыктуу гимн жазылган эмес". Спикер гимнге болгон сынак уланарын билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: