Орусиялык депутат Николай Валуев интернетте тарап жаткан видео фейк экенин айтты
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Николай Валуев Орусия мурдагы советтик өлкөлөргө карата катаал позицияны карманышы керек деген видео жасалма экенин айтты. Бул тууралуу Валуев өзү социалдык тармактагы баракчалары аркылуу билдирүү жасаган.
Анда депутат интернетте тарап жаткан видео жасалма интеллект аркылуу жасалганын, чындыкка дал келбестигин билдирген.
"Видеонун мага эч кандай тиешеси жок. Технология ушунчалык тез өнүгүп жатканына кубанычтамын, бирок бул жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн. Мен дайыма жасалма интеллект аркылуу фейк видеолор жаралып жатканын айтып келем. Бул мени аябай өкүндүрдү",- деген ал.
Белгилей кетсек, буга чейин интернетте Валуевдин Орусия мурдагы советтик өлкөлөр менен болгон мамилесинде катаал болуп, саясатын өзгөртүшү керектигин айтып жатканы тартылган видео тараган.
Орусиялык депутат Николай Валуев интернетте тарап жаткан видео фейк экенин айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















