super.kg logo
  Саясат  

"Эл нааразы". Спикер өкмөттүн ишмердүүлүгүн сынга алды

 

Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн сынга алды.

Ал өкмөттүн кафе, ресторандардагы тейлөө кызматына болгон төлөмдөрдү алдыруу иши натыйжа бербегенин баса белгиледи. Ошондой эле спикер баалардын өсүшүнө эл нааразы болуп жатканына токтолду.

"Тейлөө бекер болгону менен, дароо кафе, ресторандардын кожоюндары тамак-аштын баасын көтөрүп коюшту. Ага акылдын деле кереги жок да. 10-15 пайызды кошуп коюшуп, уттурушкан жок. Карапайым элдин чөнтөгүнө жеңилдик болгон жок. Ошондуктан бир иш жасап жатканда анализ кылыш керек.

Бүгүнкү күндө такси кызматы болобу, чач тарач кызматы болобу, деги эле бардыгы дүйнөлүк чоң борборлордон ашып кетти. Баалар аябай кымбат. Эл буга нааразы. Министрлер кабинети татыктуу иш алып барбай жатат. Февраль айында өкмөттү чакырып, угушубуз керек",- деди Тургунбек уулу.






"Эл буга нааразы". Спикер өкмөттүн ишмердүүлүгүн сынга алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: