super.kg logo

Ошто Ленинград блокадасы эскерилген митинг өттү

 
Ош шаарында Ленинграддын блокададан бошотулгандыгынын 82 жылдыгына арналган эскерүү митинги өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, митинг “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл чамбар коюу менен башталып, курман болгондордун элесине таазим кылынды. Катышуучулар Ленинград блокадасынын жоюлушу Ош шаары үчүн да өзгөчө символикалык мааниге ээ экенин белгилешти. Ошондой эле курман болгондордун элесине гүл коюу аземи болуп өттү.
Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэриясынын, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан элдеринин достугу ассамблеясынын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле мектеп окуучулары катышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: