super.kg logo
  Саясат  

Депутат товарлардын чек арада кармалышы боюнча айтты (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков парламент жыйынында Орусияда эмгек мигранттарынын жана товарлардын чек арада кармалышы боюнча праламенттер аралык сүйлөшүү зарылдыгын белгиледи.

"Бүгүнкү күнү эң көйгөйлүү маселе - текстиль иши болууда. Ар кандай тоскоолдуктардын негизинде жүктөр Орусияга киргизилбей, чек арада кармалып турат",- дейт эл өкүлү.

Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, Орусияга расмий иш сапар уюштурууну сунуштап, маселелер боюнча тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүү зарылдыгын айтты.

Төраганын айтымында, март айында Орусияга расмий иш сапар менен баруу пландалууда.

"Орусиянын Федералдык жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенко, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володинден расмий чакыруу келген. Буюрса, расмий иш сапарды март айынын үчүнчү декадасына пландаштырып жатабыз. Анын алкагында олуттуу маселелерди карап, талкуулайбыз",- деди төрага.






Депутат товарлардын чек арада кармалышы боюнча айтты

Төрагынын айтымында, март айында Орусияга расмий иш сапар менен барат. 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: