super.kg logo
  Саясат  

Парламентте Курулуш министрлигиндеги айтылган айлыкка түшүндүрмө талап кылынды

 

Бүгүн, 28-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Курулуш министрлигинин эл арасында айтылган кептер боюнча депутаттарга түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

"Министр Нурдан Орунтаев "ошол жерде иштеген кызматкерлер 500 миң сом айлык алабыз" деп айтты. Аны айтканы коомчулукта талкуу болуп жатат. "Курулуш тармагындагы жогорку айлыктар үйлөрдүн кымбаттоосуна себеп болуп, ал элдин моюнуна түшүүдө" деген сөздөр болууда... Бүгүнкү күндө мугалимдер, дарыгерлер аз айлыкка иштеп жатышса, алар "500 миң сом" алабыз деп мактанып жатышат",- деди ал.

Паламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу эл өкүлүнүн көтөргөн маселеси туура экенин белгиледи.

"Бизге бир топ курулуш компанияларынын өкүлдөрү кайрылышты. Аталган тармакты тейлеген Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги өздөрү каалаган тарифтерди коюп алышкан. Ошонун негизинде үйлөрдүн баасы кымбаттап, элдин турак-жай сатып алуусуна чоң түйшүктөрдү жаратып жатышат. Андыктан, ушундай нааразычылыктарды жараткан жагдайларды Жогорку Кеңештин тиешелүү тармактык комитети кийинки жумада карап, талкуулап чыккыла. Андан кийин жалпы жыйында да карайлы. Бул боюнча нааразычылыктар өтө көп, тез арада иретке келтиришибиз керек",- деди спикер.

Депутат Кубанычбек Самаков төрагадан аталган меселе боюнча бүгүн эле тармактык комитеттин кезексиз жыйынын өткөрүүнү суранды.

Буга чейин курулуш министри Нурдан Орунтаев министрликте орточо айлык акы 150 миң сомду түзөрүн, айрымдары 500 миң сомго чейин алышарын айткан. Бул маалымат коомчулукта кызуу талкуу жаратты.







Акылбек Түмөнбаев

Нурланбек Тургунбек уулу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: