Депутат Эрулан Кокулов курулуш министринин жыйындагы мамилесине нааразы болду (видео)
Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов парламент төрагасына нааразычылыгын айтты.
Эл өкүлү министрлерге суроо берүү мүмкүнчүлүгү чектелип жатканын айтып, бул көрүнүш депутаттардын ишине тоскоол болуп жатканын белгиледи.
"Министрлерди шайлап жатсак да суроо бербегиле дейсиңер. Иш бөлмөсүнө барсак, бизди кабыл албайт. Сүйлөгөндөрү да башкача. Нурдан Кемелович күлүп отурбайбы. Күн тартибинен "Ар кандай суроолорду" алгыла дейсиңер. Эл үчүн бир нерсе кылабызбы же добуш берип, "кнопка" басып отура беребизби?",- деди эл өкүлү.
Депутат курулуш министринин жыйында күлүп отурганына нааразы болуп, аймактарда мектептердин чатырлары урап жаткан олуттуу көйгөйлөр бар экенин эске салды.
"Мисалы, мектептердин чатыры урап жатат, мен сиздин ордуңузда болсом минтип күлүп отурмак эмесмин. Булар аркы тарапта, биз берки тараптабыз. Оюн ушундай. Биз буларга суроо берип кайра жообун алышыбыз керек да. Анткени мектептерибиз кулап калган абалда болсо ошол боюнча кала берет",- деди Кокулов.
Депутат Эрулан Кокулов курулуш министринин жыйындагы мамилесине нааразы болду
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















