super.kg logo

"Сот күнү" сааты рекорддук деңгээлде алдыга жылдырылды

 

"Сот күнү" саатынын жебеси рекорддук деңгээлде алдыга жылдырылды. Учурда саат түн ортосуна 85 секунд калганын көрсөтүүдө. Бул анын тарыхындагы эң кооптуу чек.

Сааттын жебелери дүйнөдөгү геосаясий чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу жылдырылган. "Сот күнү" сааты түн ортосуна жетсе, бул символикалык түрдө ядролук катастрофаны билдирет. Бул саат алгач 1947-жылы "Атомдук окумуштуулардын бюллетени" тарабынан иштелип чыккан. Акыркы жылдары саат артка эмес, болгону алдыга гана жылдырылып келет.

Белгилей кетсек, 2020-жылы саат түн ортосуна 100 секунд калганын көрсөткөн. Бул көрсөткүч 2021-жылы да өзгөргөн эмес. 2023-жылы жебелер рекорддук түрдө жакындап, ядролук кырсыкка 90 секунд калган. 2024-жылы да ошол эле деңгээл сакталган, ал эми 2025-жылы саат дагы бир секундга алдыга жылдырылган.

Эң тынч жыл катары 1991-жыл эсептелет. Анда сааттын жебелери түн ортосунан 17 мүнөт артка жылган. Ошол жылы СССР менен АКШ ядролук куралдарды кыскартуу боюнча келишимге (СНВ-I) кол коюшкан. Бул келишим ядролук согуштук бөлүктөрдүн санын, ошондой эле аларды алып жүрүүчү баллистикалык ракеталардын, бомбалоочу учактардын жана суу астындагы кайыктардын санын азайтууга багытталган.

"Сот күнү" сааты - Чикаго университетинин "Атом илимпоздорунун бюллетени" долбоорунун бир бөлүгү. Ал 1947-жылы биринчи америкалык атом бомбасын жаратуучулар тарабынан башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: