Запастагы полковник Серик Абиев каза болду
Запастагы полковник Серик Абиев 54 жашында каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал 27-январда дүйнөдөн кайткан. Абиев 1972-жылы туулган. 1995-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
Ишмердүүлүгү:
1995-жылдан 2001-жылга чейин УКМКнын тергөө башкармалыгында;
2001-жылдан 2003-жылга чейин УКМКнын Нарын облустук башкармалыгында;
2003-жылдан 2006-жылга чейин УКМКнын тергөө башкармалыгында;
2012-жылдан 2014-жылга чейин УКМКнын төрагасынын жардамчысы;
2014-жылдан 2017-жылга чейин УКМКнын АТБда;
2017-жылдан 2022-жылга чейин УКМКнын башкы тергөө башкармалыгында;
2022-жылдан 2024-жылга чейин УКМКнын академиясында;
2024-жылдан 2025-жылга чейин УКМКнын Укуктук камсыздоо кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жетишкен жакшы натыйжалары үчүн Серик Абиев мекемелик сыйлыктар жана наамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин атынан Ардак грамота менен сыйланган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана жеке курамы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















