super.kg logo
  Саясат  

Сентябрдан тарта мектептерде жол эрежеси да окутула баштайт

 

Ушул жылдын сентябрь айынан баштап мектептерде жол эрежесин окутуу боюнча сабак кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип билдирди.

"Балдар-кыздарыбыз жол эрежелерин, жоопкерчиликти мектептен эле үйрөнүп чыгышат. Эмдиги жылдан баштап мектепти бүтүп чыккан балдар-кыздар бир күн дагы окубай туруп, түз эле экзамен тапшырганы барып, өтүп кетсе айдоочулук күбөлүк ала беришет. Азыркы ачылып жаткан мамлекеттик мектептер буга чейинки мектеп жашынан өтүп кеткендерди окутуп, айдоочулук күбөлүк берет",- деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 28-январдагы жыйынында бир нече эл өкүлү айдоочулукка окутуунун мөөнөтүн сынга алышты. Эл өкүлдөрү жыйында айдоочулук укук алуу үчүн 10 ай окутуу мөөнөтү көп экенин айтышкан.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: