super.kg logo
  Саясат  

Жеке автомектептерди жаппай туруп реформа кылууга мүмкүнбү? Садыр Жапаров комментарий берди

 

Өлкөдө союз тарагандан бери айдоочуларды даярдоо жана унаа каттоо тармагында олуттуу реформа жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда өлкө башчысы Садыр Жапаров жеке автомектептерди жабуу, реформа кылуу, айдоочулук күбөлүктөр тууралуу "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Жапаров реформа кылуунун негизги багыттарына токтолду.

"Бул тармакты иреттегиле деп тапшырма бергем. Реформалоо иштери жүрүп жатат. Бул систем алгач ИИМдин, кийин Каттоо кызматынын карамагында болду. Бирок орган кимге карабасын, тилекке каршы, тармак толугу менен коррупцияга батып калган. Канча жетекчи алмашса да, ачыгын айтканда, дээрлик баары коррупциялык схемаларга аралашкан. Биз реформаны баштаганда эң биринчи мамлекеттик номерлерди, айдоочулук күбөлүктөрдү жана техпаспортторду өзүбүз чыгара баштадык. Буга чейин мунун баарын башка өлкөлөрдөн сатып алчубуз. Ошондо дагы “колуңардан келбейт” деп сын айткандар болгон, бирок ишке ашырдык. Азыр бардык маалыматтар бирдиктүү базага киргизилип, систем толугу менен санариптештирилди. Көп иштер аткарылды. Эми бул чынжырда автомектептер гана калды",- деди президент.

Мамлекет башчысы жеке автомектептердин басымдуу бөлүгү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болбогонун билдирип, аларды жаппастан реформа жүргүзүүгө болбостугун белгиледи.

"Алардын негизги максаты - акча табуу. Жарандарыбыз автомектептерге документин тапшырып коюп эле, убактысы келгенде окуду деген сертификатка ээ болуп, андан ары “Унаага” барып, экзаменден өтпөсө деле айдоочулук күбөлүк алып жүрүшкөн. Бул жерде айдоочулук күбөлүктү берген “Унаа” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте коррупциялык схемалар иштеген. Мурда билесиздер, айдоочулук күбөлүктү алуудагы практикалык сыноолордон, теориялык экзаменден эч ким кулабай эле оңой алышчу. Себеби, жең ичинен акча берип сатып алып жүрүшкөн. Азыр “Унаа” мамлекеттик ишканасын иреттеп, катуу көзөмөлгө алдык эле, жеке автомектептердин бүтүрүүчүлөрү келип бир нече жолу экзамен тапшырып өтө албай жүрүшөт. Алды 10-15 жолу тапшырып, кайра кулаган фактылар бар. Эмне себептен? Себеби, жетиштүү билим берип үйрөткөн эмес, кызыкдар дагы болушкан эмес. Жеке автомектептерге кардарлардын көп болушу гана маанилүү болгон. Азыр арабызда колунда айдоочулук күбөлүгү бар, бирок унаа башкара албаган, “унаа алсам үйрөнүп кетем” деп жүргөн жаштарыбыз толтура",- деди Жапаров.

Президент жол кырсыктарынын негизги себептери – айдоочулукка даярдоонун жана окутуунун талабы төмөн болгондугун кошумчалады.

"Кыргызстанда жол кырсыгынан жылына 900дөн ашык адам каза болот, айрым жылдары бул көрсөткүч миңден да ашып кетүүдө. Бул өтө чоң кайгы. Согушта да мынчалык адам курман болбойт. Ал эми биз жол кырсыктарынан эле жүздөгөн адамдарды жоготуп алып жатабыз. Ошол кырсыктардын негизги себептеринин бири - айдоочулукка даярдоодогу коррупция, күбөлүктү сатып алуу, сапатсыз билим берүү, жоопкерчиликсиз мамиле. Бул фактыларды моюнга алышыбыз керек",- деп жыйынтыктады өлкө башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: