"10 күндө сертификат берген доор бүтөт". Президент мамлекеттик автомектептердин артыкчылыктарына токтолду
Мамлекеттик автомектептерде заманбап окуу базасы, жаңыланган техника, квалификациялуу адистер болот. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда мамлекет башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Өлкө башчысы мамлекеттик автомектептерде эмнелер үйрөтүлө тургандыгына токтолду.
"Окуу китептерин дагы өзүбүз басып чыгарып жатабыз. Айдоочулар жөн гана рулду башкарууну эмес, унаанын тетиктеринен тартып, техникалык түшүнүккө, жол эрежелерине жана эң негизгиси - жолдо жүрүү маданиятына чейин толук даярдыктан өтүшөт. Бул жерде киреше эмес, адам өмүрү биринчи орунда турат. Мамлекет үчүн эң башкысы - жарандардын коопсуздугу. Биз аларга алдын ала эле эскерткенбиз. 2026-жылдан кийин жеке мектептерге лицензиялар токтотуларын, бул тармакты реформа кылыш керектигин айтканбыз. Бирок көпчүлүгү баягы эле жол менен иштей берди. Алар үчүн керек болсо 10 күн окутуп, сертификат бере калуу пайдалуу. Анткени чөнтөктөрүнө акча түшүп турат, ал эми айдоочуну даярдоо жоопкерчилиги экинчи планда калган. Мындай жоопкерчиликсиз мамиле менен бул тармакты калтырууга болбойт. Бирок жеке автомектептерде иштеген адистерди жумушсуз калтырбайбыз, аларды мамлекеттик автомектептерге жумушка кабыл алабыз",- деди президент.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















