super.kg logo
  Саясат  

Президент айдоочулукка окутуу мөөнөтү боюнча пикирин билдирди

 

Бүгүн, 28-январда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине айдоочулук күбөлүктөр жана ошол тармактагы реформалар тууралуу суроолорго жооп берип, 10 айлык окутуу мөөнөтү боюнча билдирди.

Өлкө башчысы узакка окуу пайдалуу экенин билдирип, ага болгон акы кымбат болбостугун убадалады.

"Жеке бизнестерин сактап калуу үмүтү менен ар кандай маалыматтарды таратып жатышат. “Баасы кымбат болот имиш, 10 ай окутуу деген өтө узак” деген манипуляцияларды уюштуруп жатышат. Баасы анча деле кымбат болбойт, азыр санап жатышат. Жүз миң экен, жүз элүү миң экен деген маалыматтар болбогон сөз. Ал эми рулга отурган адам - жанына эң жакын, эң кымбат адамдарын салып жүрөт. Ата-энесин, үй-бүлөсүн, балдарын. Биздин жеке автомектептер бизнес кызыкчылыгын алдыга коюп, айдоочуларды даярдабай туруп колдоруна "окуду" деген сертификат берип келишти. Биз үчүн ар бир жарандын коопсуздугу, унаа башкаруудагы алган билим-тажрыйбасы, даярдыгы маанилүү. Айдоочулук күбөлүктү адам өмүрүндө бир эле жолу алат да. Ошондуктан кичине узагыраак окуп алсаңар өзүңөргө жакшы. Өзүңөрдүн унааңарда отурган жакындарыңардын эле эмес, башка жарандардын да коопсуздугун сактаган болосуңар. Күбөлүктү сатып алгандар түптүз кетип бара жаткан башка машинаны сүзүп кетип, башка адамдардын өмүрүн алган окуялар күндө катталып жатат",- деди Жапаров.

Эскерте кетсек, буга чейин президент жеке автомектептерди жаппай туруп реформа жүргүзүүгө болбостугун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: