super.kg logo

Бишкектеги автомектептердин ээлери сунушталган жаңы реформага нааразы (видео)

 

Бишкек шаарындагы автомектептердин ээлери айдоочуларды даярдоо жана айдоочулук күбөлүк берүү системин реформалоого нааразычылыктарын билдиришти.

Алар айдоочуларды мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана окутса, жумушсуздук маселеси жараларын айтышууда. Мындан тышкары, өкмөттүн 10 ай окутуу демилгесин сынга алышты.

Ал эми президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жеке автомектептердин өкүлдөрүнүн нааразычылык жыйынына байланыштуу социалдык тармактагы баракчасында комментарий берип, буга чейин айрым жеке автомектептерде айдоочулук күбөлүктөр сатылып келгенин жана бул көрүнүш жол кырсыктарынын көбөйүшүнө, адам өлүмүнө алып келип жатканын белгилеп өткөн.

Сунушталып жаткан реформага ой-пикирлер Жогорку Кеңештин жыйындарында да байма-бай айтылууда. Анда депутаттардын көпчүлүгү 10 ай окутууну сынга алышып, мөөнөтү өтө эле узактыгын айтышууда.

Эл өкүлү Кундузбек Сулайманов реформага эл нааразы экенин айтып, аталган маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады. Буга чейин мындай пикирди депутаттар Улукбек Карыбек уулу, Дастан Бекешев дагы айтып, окутуунун мөөнөтүнүн узактыгына каршылык билдиришкен.








Бишкектеги автомектептердин ээлери сунушталган жаңы реформага нараазы болушту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: