Францияда Zoom, Teams жана Google Meet'ке тыюу салынат
Франция мамлекеттик кызматкерлерге Zoom, Microsoft Teams, Google Meet сыяктуу америкалык видеоконференция сервистерин колдонууга тыюу салууну пландап жатат. Бул тууралуу Politico басылмасы билдирет.
Маалыматка ылайык, мындай чечим санариптик суверенитетти чыңдоо жана мамлекеттик байланыштардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынууда.
Өлкө жетекчилиги европалык эмес платформаларды колдонуу маалыматтын купуялуулугуна коркунуч жаратат деп эсептейт. Мындан ары француз чиновниктери видеоконференцияларды мамлекеттик санариптик технологиялар башкармалыгы (DINUM) иштеп чыккан Visio сервиси аркылуу өткөрүшөт. Учурда бул платформаны 40 миңге жакын кызматкер колдонуп жатат. Ал эми келечекте колдонуучулардын саны 250 миңге чейин көбөйтүлөрү айтылууда.
Буга чейин мамлекеттик кызмат маселелери боюнча делегат-министр Давид Амьель Франциянын мамлекеттик органдары санариптик суверенитетти чыңдоо жана мамлекеттик каражаттарды үнөмдөө максатында 2027-жылга чейин америкалык видеоконференция платформаларынан толук баш тартууну көздөп жатканын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















