super.kg logo

Кыргызстанга Нипах вирусунун коркунучу жок экени айтылды (видео)

 

Индиянын Калькутта шаарына жакын жерде пайда болгон Нипах вирусунун кыргызстандыктар үчүн коркунучу жок. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалык башчысы Динара Оторбаева "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

Оторбаева кооптонууга негиз жок болгону менен миграцияда жүргөн жарандар эрежелерди сактап жүрүшү керектигин эске салды.

"Индияда Нипах оорусу катталды. Учурда беш адамдын ооруганы айтылып, аларга байланышта болгон 100 адам байкоодо турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга оорунун коркунучу жок десек болот. Кооптонууга негиз жок. Анткени оору жарганаттардын түлкүлөр деп аталган түрүнөн жугат экен. Бул түрү бизде жок. Бирок азыр миграция маселеси өтө күчөгөн, туристтер көп. Мындан улам ал жактан биздин өлкөгө киргендер текшерүүгө алынат.

Туризим департаменти Индиянын оору чыгып жаткан жерине барган жарандарга кандай эрежелерди сактоо керектигин түшүндүрүп жатат. Мөмө-жемиштерди таза жууп, көчөдөн суу ичпей, антисептик колдонуп жүрүү керек",- деди ал.






Кооптонууга негиз жок

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: