Түштүк Кореянын мурдагы президентинин аялы 20 айга эркинен ажыратылды
Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёлдун жубайы Ким Гон Хи коррупция боюнча 1 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Сот мындай өкүмдү аны диний чиркөөдөгү уюмдан кымбат баалуу белектерди алгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылгандан кийин чыгарган. Ал ошондой эле акцияларды манипуляциялоо жана саясий каржылоо жөнүндө мыйзамды бузган деген айыптар боюнча акталган. Айыптоочу тарап башында аны 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Айта кетсек, 2025-жылы мурдагы биринчи айымга акцияларды манипуляциялоо, шайлоого кийлигишүү жана паракорлук боюнча айыптоолор менен камакка алуу ордери чыгарылган.
2024-жылдын декабрында Юн Сок Ёл өлкөдө аскердик абал жарыялаган. Бул чечим коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, парламент аны тез арада алып салууга добуш берген. Акыр-аягы мамлекет башчысы буйругун жокко чыгарган.
Мындан кийин Түштүк Кореянын парламенти президентке импичмент жарыялоо үчүн добуш берген.
Январь айынын башында Юн Сок Ёл 2025-жылы камакка алынышына тоскоолдук кылууга аракет кылган деген айып менен беш жылга эркинен ажыратылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















