Айдоочулук күбөлүккө окутуунун баасы айтылды
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков айдоочулукка окутуунун баасы 19 миң сом болорун билдирди.
"Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды. Ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрүшөт. Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуунун жана практикалардын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу экен",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде мамлекеттик автомектептерде окутуунун баасы кымбат болот деген маалыматтар манипуляция экенин, баа арзан болорун айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















