Алайда килемди аккан сууга жууп жарнамалаган жаран айыпка жыгылды
Оштун Алай районунда агын сууга килем жууп жарнама кылган 29 жаштагы жаранга 10 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Буга чейин Ош облустук милициясы анын кечирим сураган видеосун жарыялап, окуя Сары-Ой жайлоосуна барчу жолдо болгонун билдирген. Маалыматта чогултулган материалдар мыйзамдуу чара көрүү үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош аймактык башкармалыгына жөнөтүлгөнү кошумчаланган.
Социалдык тармактарда анын килемге боёк төгүп, аны агын сууга жууп жарнамалаган видеосу тараган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















