Киев аймактар жана Запорожье АЭСи боюнча Путин менен түз сүйлөшүүнү сунуштады
Украинанын президенти Владимир Зеленский аймактык маселелер жана Запорожье атомдук электр станциясынын тагдыры боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин менен жеке жолугушууга даяр. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Министрдин айтымында, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында азыркыга чейин эң татаал бойдон калып жаткан эки негизги көйгөй - бул аймактык маселе жана Запорожье АЭСине көзөмөл жүргүзүү. Дал ушул темаларды талкуулоо үчүн Зеленский жогорку деңгээлдеги жолугушууга макул.
Сибига өзү Орусиянын тышкы иштер министри менен жолугушууну туура эмес деп эсептеп, сүйлөшүүлөр түз жүрүшү керектигин айтты. Учурда тараптар ок атышууну токтотуу жана тынчтыкты көзөмөлдөө механизмдерин талкуулап жатышат.
Сүйлөшүүлөр 23-24-январда Абу-Дабиде өткөн Украина, Орусия жана АКШнын катышуусундагы консультациялардан кийин жанданды. Бирок аймактык маселе азырынча ачык бойдон калууда. Бул арада АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф бул жолугушууларды конструктивдүү деп баалап, тараптар диалогду улантууга даяр экенин билдирип, кийинки жолугушуу 1-февралга белгиленгенин айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















