Өлкөдө майыптуулугу бар адамдарды санариптик көндүмдөргө үйрөтүү долбоору башталды
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси "Мүмкүнчүлүк" бирикмеси менен биргеликте майыптуулугу бар адамдар үчүн "YouTube-мектеп" билим берүү долбоорун ишке ашырууда.Эмгек министрлиги билдиргендей, биринчи агымда 16 адам окуудан өтүүдө. Окутуунун жыйынтыгында катышуучуларга курстан өткөндүгү тууралуу күбөлүктөр тапшырылат. Долбоордун аягына чейин майыптуулугу бар 80 адамды окутуу пландалууда.
Катышуучулар аталган борбордо дарыланып, протездик-ортопедиялык буюмдарды алып, калыбына келтирүү дарылоосунан өтүп жана социалдык адаптациядан өтүп жаткан майыптуулугу бар адамдар болуп саналат. Бул долбоор аркылуу алар контент түзүү, видеого тартуу жана монтаждоо, каналдарды тариздөө жана жүргүзүү, социалдык тармактарда илгерилетүү, ошондой эле жеке брендди жана коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүүнү үйрөнүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















