super.kg logo

Күндүн темасы: Айдоочулукка окутуудагы сындар, бийликтин билдирүү жасашы

 

Бүгүн, 28-январда жарандарды айдоочулукка окутуу жаатында жүргүзүлүп жаткан реформага эл өкүлдөрү тарабынан сындар айтылып, бийлик билдирүү жасады.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Бекешев жеке менчик автомектептерди жаап эле койбостон, мүлкүн да тартып алып жаткан учурлар бар экенин айтып чыкты.

"ДОСААФ унаа мектебин толук жаптырды. Бирок ошол имараттын ичинде тигүүчүлөр сыяктуу башка ишкерлер да бар болчу. "Бербейбиз" дешет. Туура эмес да",- деген депутат жаранды айдоочулук укук алууга 10 ай окутуу көптүк кыларын кошумчалады.

"Бул өтө көп. Убакытты, каражатты кетирет. Ушул маселени комитет карап чыксын",- деди депутат.

Кундузбек Сулайманов реформага эл нааразы экенин айтып, аталган маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштап, "чыңалуу күчөп баратат" деди. Эл өкүлүнүн пикирин кесиптеши Улукбек Карыбек уулу да колдоого алып, көйгөй окутууда эмес, айдоочулук күбөлүк боюнча сынак алган жана аны тапшырган мекемеде экенин айтып, окутуунун мөөнөтүнүн узактыгына каршылыгын билдирди.

Ал арада өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, айдоочулукка окутуудагы реформа анын тапшырмасы менен жүргүзүлүп жатканын айтты. Президент жеке автомектептердин басымдуу бөлүгү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болбогонун билдирип, аларды жаппастан реформа жүргүзүүгө болбостугун белгиледи. Ошондой эле Жапаров башкы себеби катары айдоочулукка даярдоонун төмөн болгондугунан жол кырсыктарынын саны өсүп жатканын атады.

Мамлекет башчысы узакка окуу пайдалуу экенин белгилеп, 10 айга окуу кымбатка турат деген маалыматтар манипуляция экенин айтты. Жапаровдун айтымында, ушул жылдын сентябрь айынан баштап мектептерде жол эрежесин окутуу боюнча сабак кирет.

Өлкө башчысынын билдирүүлөрүнөн көп узабай эле президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков айдоочулукка окутуунун баасы 19 миң сом болорун билдирди. Ал бирок практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрүшөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, 14-январда президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов 2025-жылдын декабрь айында "В" жана "С" категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча жаңы окуу программасы бекитилгенин билдирген. Анын айтымында, "В" категориясын окуунун мөөнөтү 10 айды түзүп, жалпы 480 саатты түзөт. Ал эми "С" категориясынын мөөнөтү 12 айга созулат.





















 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: