Бишкекте уурулукка шектүүлөр кармалышты (видео)
Бишкек шаарында уурулукка шектүү адамдар кармалышты. Бул тууралуу 28-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Берилген маалыматка ылайык, Аламүдүн базарынын аймагында белгисиз адамдар А.А. аттуу жарандын жашы жете элек кызынын iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип 1998-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалды. Мындан тышкары, уурдалган уюлдук телефон 2001-жылы туулган А.З. аттуу жаран менен биргеликте "Ош базарынын" аймагында сатылганы аныкталган.
"Беш-Сары" соода борборунда жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 20дан ашык уюлдук телефон табылган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкекте чөнтөк уурулукка шектүүлөр кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















