super.kg logo
  Саясат  

Парламент насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды

 

Бүгүн, 28-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Аталган мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеген.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты - насыялык маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана финансылык инклюзияны өнүктүрүү, жарандардын жана ишкерлердин насыялык ресурстарга жетүү мүмкүндүгү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Тагыраагы, мыйзам долбоорунун милдети насыялык маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүн кыскартуу болуп саналат. Бул жарандардын насыяларга жетүүсүн жеңилдетүүгө, банк системине жүктөмдү азайтууга жана чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө дем берүүгө мүмкүндүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: