Бишкекте акциздик маркасы жок 13 миңден ашык суусундук аныкталды (видео)
Бишкек шаарында акциздик маркасы жок 13 миңден ашык суусундук аныкталды. Бул тууралуу 28-январда Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13 миңге жакын акциздик маркасы жок кант камтыган, энергетикалык жана алкоголдук ичимдиктер табылып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, маркасы жок акциздик продукцияларды сатуу үчүн жоопкерчилик каралган: 200 даанага чейин сатууда 100 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200дөн ашык санда сатууда 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Салык кызматы ишкерлерди акциздик маркасы жок продукцияларды сатпоого, ошондой эле маркалардын аныктыгын жана талаптарга шайкештигин кылдат текшерүүгө чакырат.
Бишкекте акциздик маркасы жок 13 миңден ашык суусундук аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















