АКШда кар бороонунан каза болгондордун саны 40ка жетти
Акыркы күндөрү катталган АКШдагы катуу кар бороонунан каза болгондордун саны 40 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, каза болгондор Канзас, Арканзас, Кентукки, Мичиган, Огайо, Түштүк Каролина, Нью-Жерси, Техас, Луизиана, Теннесси жана Нью-Йорк аймактарында катталган.
АКШнын улуттук Аба ырайы кызматынын маалыматы боюнча, акыркы 24 сааттын ичинде жааган кардын бийиктиги 50 сантиметрден ашкан. Катаал аба ырайынан улам акыркы күндөрү болжол менен 550 миңдей үйдө электр жарыгы өчүрүлгөн. Эң көп өчүрүүлөр түштүк тарапта катталып, катуу жааган кар жана бороон дарактарга, электр зымдарына зыян келтирген. Ал эми жергиликтүү бийлик электр энергиясын калыбына келтирүү бир нече күнгө созулушу мүмкүн экенин эскерткен.
Эксперттер бороондон келтирилген экономикалык жоготууларды азыркы тапта болжол менен 105-115 миллиард доллар деп кабарлашты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















